Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

IJF: 2018-жылы дүйнөдө 94 журналист курман болду


Индияда каза тапкан журналисттерди эскерүү учурунда тартылган сүрөт.
Индияда каза тапкан журналисттерди эскерүү учурунда тартылган сүрөт.

Бул тууралуу 31-декабрда Эл аралык журналисттер федерациясы (IJF) кабарлады. Анын маалыматы боюнча, 94 журналисттин айрымдары согуш жүрүп жаткан аймакта же теракт учурунда көз жумса, кээ бири буюртма менен өлтүрүлгөн.

Журналисттердин өлүмү боюнча Ооганстан алдыда турат. 30-апрелде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери уюштурган Кабулдагы кош теракттан 25 адам каза тапкан. Көз жумгандардын арасында жети журналист, анын ичинде “Азаттыктын” ооган кызматынын эки кабарчысы болгон.

Брюсселде жайгашкан Эл аралык журналисттер федерациясынын эсебинде, 2017-жылы дүйнөдө 82 калемгер көз жумган. Уюм медиа кызматкерлердин өлүмүнө байланыштуу эсепти 1990-жылдан бери жүргүзүп келе жатат. Анын маалыматы боюнча, журналисттер 2016-жылы эң көп көз жумган. Ал жылы 155 кабарчы каза тапкан.

XS
SM
MD
LG