“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкектин борбордук аянтынан майрамдан кийин төрт тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу “Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Аянттагы таштандыны тазалоого жети даана атайын техника тартылып, “Тазалыктын” 60тай кызматкери саат түнкү үчкө чейин иштеди. “Тазалыкчылар” андан тышкары шаардын башка жерлерин да таштандыдан арылтышты.
Быйыл майрамга карата 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер коюлган. Былтыр Жаңы жыл майрамынан кийин аянттан 10 тонна таштанды чыккан. (BTo)