Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Ооганстандагы чабуулдардан бир нече аскер курман болду


Кандагардагы көзөмөл-өткөрмө бекети. 14-октябрь, 2018-жыл.
Кандагардагы көзөмөл-өткөрмө бекети. 14-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстандын түндүгүндөгү Сар-е-Пул провинциясындагы көзөмөл- өткөрүү бекетине "Талибан" кыймылынын жоочулары койгон чабуулдан коопсуздук күчтөрүнүн бир нече аскери курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. 1-январда аймактагы Сайяд районуна кол салуудан жергиликтүү полиция башчысы жана төрт аскер курман болгону кабарланды.

Ал эми DPA маалымат агенттиги аймактык кеңештин өкүлүнө шилтеме кылып, эки бекетке коюлган чабуулда 23 аскер, анын ичинде жергиликтүү чалгын кызматынын өкүлү жана армия командири да мерт болгонун жазды.

Кандуу чабуулдар үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды. Бир күн мурда талибдердин делегациясы Ооганстандагы 17 жылдан бери токтобой келаткан согушту жөнгө салуунун жолун сүйлөшүү үчүн Ирандын жогорку расмий өкүлдөрү менен жолукканы Тегеранга барганын ал жактын маалымат агенттиктери кабарлаган. Андан мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын азайтуу боюнча чечим кабыл алганы кабарланган. Көптөр Трамптын бул кадамын "аймактагы туруктуулукка кедергисин тийгизет" деп сындап жатышат.

Азыр Ооганстанда АКШнын 14 миңдей аскери бар.

XS
SM
MD
LG