Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

АКШнын аскердик саясатындагы өзгөрүүлөр


Жим Мэттис АКШнын коргоо министри катары Ооганстанга барган учур. 24-апрель, 2018-жыл.
Жим Мэттис АКШнын коргоо министри катары Ооганстанга барган учур. 24-апрель, 2018-жыл.

АКШда коргоо министри Жим Мэттис кызматынан кете турган болду. Президент Трамптын жарыясына караганда, Мэттис Пентагондун башчылыгында февралдын аягына чейин гана турат.

Ал эми Мэттис өзү Трампка жазган катында аны менен көз караштары шайкеш келбей калганын ачыкка чыгарган. АКШнын коргоо министринин кызматтан кетери президент Трамптын Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо тууралуу чечими жарыяланган соң белгилүү болду.

Трамптын бул чечимин АКШ Конгрессинде республикачылар да, демократтар да туура көргөн жок. Трамп эми Ооганстанда америкалык аскерлерди олуттуу азайтууну караштырып жатканы кабарланууда.

68 жаштагы генерал Жим Мэттис АКШнын коргоо министри болуп соңку эки жылдан бери иштеп жаткан.

Президент Дональд Трамтын администрациясындагы анын ишмердигин Конгресстен демократтар да, республикачылар да кубаттап жүрүшкөн.

Трамп өзү коргоо министри кызматтан кетерин 20-декабрда алгач “Твиттердеги” баракчасында жарыялаганда, Мэттистин тушунда “жаңы жабдуу сатып алууда эбегейсиз жылыш болду, ал мага өнөктөштөрдү, башка мамлекеттерди аскердик милдеттенмелери үчүн акча төлөтүүдө чоң жардам көргөздү” деп жазды.

Мэттис болсо Трампка жазган катында "президент көз караштары аныкына шайкеш келген коргоо министрин тандап алууга укуктуу экенин, ал өзү кызматтан кетүүнү туура көргөнүн" белгилеген.

Генерал Жим Мэттис Ооганстандын Кандагар шаарынын аэропортунда. 2001-жыл.
Генерал Жим Мэттис Ооганстандын Кандагар шаарынын аэропортунда. 2001-жыл.

АКШда коргоо министри алмаша тургандыгы Сириядан америкалык аскерлерди чыгарууга киришүү боюнча президенттин чечими жарыялангандын эртеси белгилүү болду. Трамп өз чечимин Сирияда “Ислам мамлекети” тобун "жеңилгени" менен негиздеген.

- Бул (кызматтан кетүү) Ак үй менен Пентагондун ортосунда президент Трамптын Сириядан аскерлерди чыгаруу тууралуу жарыясына байланыштуу кырдаал чыңалып турган учурда болду. Бул Пентагон караманча каршы чыккан маселе. Анткени Пентагон АКШнын Сирияда турган аскерлерин экстремисттик күчтөргө, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобуна каршы чыныгы такаат деп эсептечү. Андыктан Трамптын жарыясы Пентагондун жогорку жетекчилеринин көбү үчүн күтүүсүз болду. Мэттис өз катында АКШнын НАТОдогу, “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкөн коалициядагы милденттенмелери, Кытай менен Орусиянын ролу боюнча да маселелерди козгоп жатат. Иш жүзүндө ал мына ушул маселелер, биздин альянстар, биздин НАТО менен мамилебиз, Кытай жана Орусиянын ролу боюнча президент менен макул эмес экенин айтып жатат. Мэттис президент менен чечүүчү маселелерде көз караштары келишпей калгандан кийин мындан ары иштешүү мүмкүн эмес деп сезген өңдөнөт, - дейт "Associated Press” маалымат агенттигинин Вашингтондогу бюросунун башчысы Жули Пейс.

Трамптын Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө чечимин АКШнын өзүнөн Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан. Аны Европадан Британия, Франция, Германия да туура көргөн эмес. Бирок Орусиянын президенти Путин Трамптын чечимин кубаттаган.

АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы бар. Алар "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көргөзүп келген. Коргоо министри Мэттис алардын алдында али чоң милдеттер турганын ушул айдын башында эле билдирген болчу.

Эми оппозициядагы демократтар коргоо министринин кызматтан кетип жатышын Трамптын администрациясындагы башаламандыктын белгиси катары мүнөздөштү.

- Министр Мэттис бул администрациядагы туруктуулуктун, бекемдиктин саналуу символу менен аз элементтеринин бири эле. Туруктуулукту, бекемдикти, билимди көргөзгөндөрдүн баары бул администрациядан кетип жатат. Генерал Келли, генерал Мэттис жана башкалар... Азыр бул администрацияда хаос өкүм сүрүп жаттат, - дейт Демократиялык партиянын Сенаттагы лидери Чак Шумер.

Ооганстандагы аскерлерди "олуттуу" азайтуу

Сириядан соң президент Трамп эми Ооганстандагы америкалык аскерлерди "олуттуу" азайтуу боюнча чечим кабыл алганы да кабарланууда. Бул тууралуу америкалык медиа менен Батыш өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктери жазып жатышат.

“Нью-Йорк Таймс” гезити менен СNN телеканалы өз булактарына таянып кабарлагандай, Трамп армияга азыр Ооганстанда турган жоокерлердин балким жарымын чыгарууга даярдык көрүүгө буйрук берген. Мындай маалыматтарга Пентагон жана НАТО азырынча комментарий бере элек.

АКШнын аскерлери Ооганстандын Фарах провинциясында. 19-май, 2018-жыл.
АКШнын аскерлери Ооганстандын Фарах провинциясында. 19-май, 2018-жыл.

Ал эми ооган бийлиги америкалык аскерлердин "олуттуу азайышы өлкөдөгү коопсуздукка таасир этпейт" деп реакция кылды.

Ооган президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Харун Чахансури "эгер алар (америкалык аскерлер) Ооганстандан чыгып кетсе, бул коопсуздукка таасир этпейт. Себеби акыркы төрт жарым жылдан бери оогандар кырдаалды толугу менен көзөмөлдөп жатышат", - деп жазды.

Азыр Ооганстанда АКШнын 14 миңдей аскери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG