Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Актер Зеленский украин президенттигине ат салышат


Актер Володимир Зеленский. Киев. 11-апрель, 2016-жыл.
Актер Володимир Зеленский. Киев. 11-апрель, 2016-жыл.

Украинадагы белгилүү актер жана куудул Володимир Зеленский быйылкы президенттик шайлоого катышарын билдирди.

"Quarter 95" студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, 40 жаштагы Зеленский бул тууралуу 31-декабрдын кечинде телешоулардын биринде жарыялады. Ал мындай чечимин "Украинада бир нерсе өзгөртүү" аракети менен түшүндүрдү.

Украинада президенттик шайлоо 31-мартка белгиленген. Азыркы өлкө башчысы Петро Порошенко экинчи мөөнөткө бара турганын расмий жарыялай элек. Байкоочулардын көбү ал талапкерлигин экинчи ирет коерун боолголоп жатышат.

2014-жылдагы шайлоодо добуштардын 54% алган Порошенконун рейтинги кийинки жылдары кескин төмөндөп кеткен. Талдоочулар буга өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар, коррупция жана реформалардын ишке ашпай келатканы себеп болуп жатканын белгилешүүдө. Ушу тапта Порошенконун кийинки шайлоодогу негизги атаандашы мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко болору айтылып жатат. Ал былтыр эле өз талапкерлигин коерун жарыялаган.

Учурда Зеленский "Элдин кулу" ("Слуга народа") деген популярдуу сериалда кадимки мектеп мугалиминен президенттикке чейин жеткен каармандын ролун ойноп жүрөт.

Мамлекет башчылык кызмат үчүн ат салышууга ниеттенгендерди каттоо февраль айынын үчүнө чейин уланат. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин расмий тизмесин 8-февралда жарыялашы керек.

XS
SM
MD
LG