Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Магнитогорскидеги жарылуунун курмандыктары 19 кишиге жетти


Жарылуу болгон район. Магнитогорск, 2-январь, 2019-жыл.
Жарылуу болгон район. Магнитогорск, 2-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Магнитогорск шаарында 31-декабрда болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 19 адамга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25 кишинин дагы эле дайыны чыкпай жатканын бүгүн, 2-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын арасында эки өспүрүм бар. Алты адам, алардын ичинде эки бала урандылардын арасынан аман-эсен куткарылып, ооруканага жөнөтүлдү.

Жаңы жылга караган түнү Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшкөн. Орусиянын Тергөө комитети көп кабаттуу үйдө газ жарылган болушу мүмкүн экенин, бул окуяны теракт катары мүнөздөөгө далилдер жоктугун маалымдаган.

Магнитогорск шаары жайгашкан Челябинск облусунда 2-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG