Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Помпео Орусияда кармалган АКШ жараны боюнча үн катты


Майк Помпео Бразилияда. 2-январь, 2019-жыл.
Майк Помпео Бразилияда. 2-январь, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусияда америкалык жарандын тыңчылыкка шектүү катары кармалышы тууралуу комментарий берди.

Ал Кошмо Штаттардын Орусиядагы консулдугунун өкүлдөрүнө Пол Уилан менен жолугууга уруксат берилет деп күтүп жатканын, эгер ага тагылган айыптар негизсиз болсо, анда Вашингтон Москвадан өз жаранын кое берүүнү талап кылаарын 2-январда Бразилияда иш сапарында жүргөндө айтты.

Помпео АКШ Орусиядан өз жаранына кандай айыптар коюлуп жатканын так түшүндүрүүнү да сураганын кошумчалады.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы америкалык жаран тыңчылык кылып жаткан учурда кармалганын 31-декабрда билдирген.

Пол Уиландын үй-бүлөсү 1-январда "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун колуна тийген билдирүүсүндө орус тараптын дооматтарын четке каккан. Алар Уилан тыңчы эмес экенин белгилеп, ал Москвага үйлөнүү үлпөтүнө катышуу үчүн барганын айтышкан.

Уилан 28-декабрдан бери үй-бүлөсүнө байланышка чыккан эмес. Орус тарап анын иши боюнча толук маалымат бере элек.

48 жаштагы Пол Уилан - Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "BorgWarner" аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Ал АКШда орусиялык Мария Бутина Кремлдин агенти катары иш алып барганын мойнуна алгандан бир нече аптадан кийин кармалып олтурат.

XS
SM
MD
LG