Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Оштогу өрт: милиционерлердин иши боюнча кызматтык иликтөө башталды


Оштогу өрт чыккан турак жай. Сүрөт 2019-жылдын 2-январында тартылган.
Оштогу өрт чыккан турак жай. Сүрөт 2019-жылдын 2-январында тартылган.

Ош шаарындагы мейманканада эки кыздын өмүрүн алган өрттөн кийин милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов 2-январда мэрияда өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, турак жайдын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде "Сойкулук үчүн көмүскө жайды уюштуруу" беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, бул жер алты жолу жабылган. Акыркы убакта ал мейманкана катары иштеп турган. Учурда кырсык болгон районду караган аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Ош шаардык мэриясы билдиргендей, мэр Таалайбек Сарыбашов мындай жайларга карата учурунда чара көрүлбөй, "мурда берилген тапшырмалар аткарылбай жатат" деп милицияны сындады.

1-январда Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жертѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, эки кыз каза болгон. Жергиликтүү тургундар жертөлөдө сауна болгонун жана ал шаардын вице-мэринин жакындарына таандык болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG