Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Магнитогорск шаарындагы жарылуудан 33 киши каза болду


Орусия, Магнитогорск. 2-январь, 2019-жыл.
Орусия, Магнитогорск. 2-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Магнитогорск шаарында 31-декабрда болгон жарылуудан каза тапкандардын саны отуз үч кишиге жетти.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курмандыктардын арасында алты бала бар экенин кабарлады. Каза болгон 21 кишинин тек-жайы аныкталды. Дагы он чакты адам дайынсыз.

Жаңы жылга караган түнү Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшкөн.

Орусиянын Тергөө комитети көп кабаттуу үйдө газ жарылган болушу мүмкүн экенин, бул окуяны теракт катары мүнөздөөгө далилдер жоктугун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG