Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Эр-Риядда Хашогжинин иши боюнча биринчи соттук жыйын өттү


Маркум журналист Жамал Хашогжи (Хашогги). Дубайда өткөн медиа-форумда тартылган сүрөт. 8-май, 2012-жыл.
Маркум журналист Жамал Хашогжи (Хашогги). Дубайда өткөн медиа-форумда тартылган сүрөт. 8-май, 2012-жыл.

Сауд Арабиясында журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү боюнча биринчи соттук жыйын өттү. Ага 11 айыпталуучу жана алардын адвокаттары катышты. Айып коюлгандардын бешөөнө прокурор өлүм жазасын сурады. Саудиялык тергөөчүлөр түркиялык кесиптештеринен кошумча көрсөтмөлөрдү жана далилдерди күтүп жатышканын билдиришти. Айрым шектүүлөрдү суракка алуу уланып жатканын "Bloomberg" агенттиги жазды.

"The Washington Post" басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогжи өткөн жылдын октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Соңку жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Түркиянын атайын кызматтары журналисттин өлүмүнө Саудиянын жогорку бийлигинин тиешеси бар деген жоромолун айткан.

Хашогжинин сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Сауд Арабиясынын бийлиги журналисттин өлүмү үчүн шектүү 21 киши камакка алынганын билдирген. Анткен менен расмий Эр-Рияд падышалыктын жогорку бийлиги, тактап айтканда ханзаада, тактынын мураскери Мухаммед бин Салмандын буга эч тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG