Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:19

Жапаровдун иши: прокуратура жаңы жагдай боюнча иш козгоого негиз жок деп тапты


Садыр Жапаров сот учурунда. 2-август, 2017-жыл.

Бишкек шаардык прокуратурасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишине байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу актоочу тараптын өтүнүчүнө шаардык прокуратурадан 3-январда жооп келген.

Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 3-декабрдагы "Жапаровдун ишинде жаңы жагдай жок" деген чечимин бузууга негиз жок экендиги белгиленген. Адвокат прокуратуранын жообу түшүнүксүз экенин, эми Садыр Жапаровдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра иликтөө тууралуу өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрыла турганын кошумчалады.

- Муну менен өздөрүнүн 2018-жылдын 16-ноябрындагы токтомуна карама-каршы чыгып жатышат. Ошол токтомдо алар "негизги күбө болуп саналган Кенжебек Жумабаев менен Садыр Жапаровдун ортосундагы сүйлөшүүнүн басып чыгарылган түрү (распечатка) жок" дешкен. Күбөлөрдүн баары кыйноо жолу менен көрсөтмө беришкенин айтышкан. Ошонун баарын текшерип чыккандан кийин жыйынтык чыгарсын дегенбиз. Бирок алар эч кандай текшерүү жүргүзбөй эле "жаңы жагдай жок" деген соттун чечимин "туура" деген чечим кабыл алып коюшту. Прокуратура текшербей эле бизге жооп кайтарганы билинип калды.

Алты жыл мурда "Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров он бир жыл алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал тууралуу мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. Актоочу тарап анын күнөөсү далилденген жок деген негизде ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра каратууга аракеттенүүдө.​ (NT)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG