Милициянын полковниги, учурда абакта отурган Абдылда Капаров кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу Нарындан Балыкчыга которулган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирүү таратты.
"2017-жылдын 23-июнундагы Ош облустук сотунун өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгү жана 338-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылып жаза мөөнөтүн жатак абагында өтөшү белгиленген. Аталган өкүм күчүнө киргенден кийин соттолгон Капаров А.К. мекеменин Нарын шаарында жайгашкан аймактык бөлүгүнө жазасын өтөө үчүн жиберилген. Соттолгон Капаров А.К. жазасын өтөп жаткан учурда кан басымы жогору болгондуктан дарыгерлердин сунушунун жана тастыктамасынын негизинде Балыкчы шаарында жайгашкан №51 жатак абагына которулган" деп жазылат түшүндүрмөдө.
Анда Капаров өзү "Азаттыкка" кайрылбаганын билдиргени да жазылган.
2019-жылдын 1-январында Абдылда Капаров "Азаттыктын" кабарчысы менен байланышка чыгып, ууланганын жана ооруканадан медициналык жардам алганын билдирген.
Кийин ЖАМК Капаров ууланбаганын, эч кандай ооруканага кайрылбаганын билдирген. Мекеме далил катары үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жана облустук ооруканадан алынган тастыктамаларды келтирген.
"Азаттык Медиа" мекемесинде өзүн Абдылда Капаров деп тааныштырган киши менен болгон маектин аудиосу сакталуу. Редакция ЖАМКка далил катары ал аудиону берүүгө даяр.
Абдылда Капаров 2017-жылы 25-мартта кармалган. Ал 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоп митингдерге катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. (KR)