Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Магнитогорск: 39 адамдын сөөгүн жакындары таанышты


Кырсыкта курман болгон бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. 4-январь, 2018-жыл.
Кырсыкта курман болгон бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. 4-январь, 2018-жыл.

Магнитогорскиде курман болгон 39 адамдын сөөктөрүн жакындары таанышты. Алардын арасында алты баланын сөөгү бар. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

4-январда маркумдардын айрымдарды менен коштошуу зыйнаты өтөт. Магнитогорск, Челябинск жана Москва шаарларынын ооруканаларында беш киши бар, алардын бирөө 11 айлык ымыркай. Наристе урандылардын алдында 35 саат жаткан. Учурда анын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок.

31-декабрдын таңында Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө подьезд толугу менен урап түшкөн. Кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 35 батир толугу менен 10 батир жарым-жартылай бузулганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG