Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Магнитогорскиде издөө иштери уланууда


Магнитогорскидеги кыйраган үйдүн урандылары. 3-январь, 2019-жыл.
Магнитогорскидеги кыйраган үйдүн урандылары. 3-январь, 2019-жыл.

Магнитогорскиде көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан курман болгондордун саны 38ге жетти. Үч адамдын дайыны белгисиз.

Магнитогорскидеги кырсыкта каза болгон 38 адамдын ичинен 22синин аты-жөнү аныкталды. Алардын үчөө кичинекей балдар. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы үч адамды издөө улантылып жатканын билдирүүдө.

31-декабрдын таңында Орусиянын Магнитогорск шаарында он кабаттуу үйдүн бир подьезди толук урап түшкөн. 48 батир жабыркап, ондогон адамдардын тагдыры белгисиз бойдон калган.

Төртүнчү күнгө караганда куткаруучулар урандынын алдынан тажикстандык аялдын, анын үч кичинекей баласынын сөөктөрүн алып чыгышты. Тажикстандын Екатеринбургдагы консулдугу бул үйдө дагы бир нече тажикстандык мигранттар жашаганын, алар үй-бүлөлөрү менен толук куткарылганын билдирди.

Куткаруу операциясынын жүрүшү.
Куткаруу операциясынын жүрүшү.

Магнитогорскидеги кырсыкта кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат жок. Кыргызстандык Канат Абдыллаев бул шаарда 250-300дөй кыргыз үй-бүлө жашап, иштей тургандыгын айтты:

- Ал үй бизден 150 метр аралыкта эле турат. Анда кыргызстандыктар жашачу эмес. Азыр урандылар толук тазаланып бүтө элек. Четинен оодарып, сөөктөрдү алып чыгып жатышат. Кыргыздар көбүнчө соодада иштегендиктен, базар жакта жашашат. Азыр ар кандай имиштер айтылып жатат. “Бир маршруткада жардыруу болду” деп жатышат. Бирок так бир нерсе айтууга мүмкүн эмес.

2-январда жалпы Челябинск облусунда аза күтүү күнү деп жарыяланган. Эртең, 4-январда Магнитогорскиде каза болгондордун сөөктөрү жерге берилет.

Жергиликтүү жашоочулар кырсыкка газ себеп болгонуна да, эми урандылардын алдынан адамдарды тирүү табууга болооруна да анча ишенишпейт.

- Газдан да үйдө ушундай чоң жардыруу болмок беле?! Ишениш кыйын.

- Колубуздан келсе, урандыларды өзүбүз колубуз менен тазалайт элек. Канча адам мүрт кетти?!

- Эми кимдир-бирөө тирүү табылбайт го. Суук. Анын үстүнө жарылуунун масштабы чоң.

Жарылуу болгон үйдүн тышкы көрүнүшү.
Жарылуу болгон үйдүн тышкы көрүнүшү.

Азыркы кезде кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгону айтылууда. Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркин «теракт» деген имиштерди четке кагып, урандыларда жардыруучу зат табылбаганын билдирди. Ал кырсыктын себебин газ түтүктөрүнүн эскилиги менен түшүндүрүп, аларды убагында текшербеген кызматтардын ишине нааразы болду:

- Өлкөдө газ түтүктөрүнө байланыштуу абалды билесиңер. Баары эскирди, оңдош керек. Мына, майдан бери бул үйдү эч ким текшерген эмес. Мейли эми, жайында эс алуу болду дейли. Бирок кийин текшериш керек эле да!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча куткаруу иштерине миңдей адам, 300дөй техника каражаты тартылган.

Кырсык болгон жерге орус президенти Владимир Путин 31-декабрда барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жабыркагандар менен жолугуп кеткен.

Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский каза болгондордун жакындарына 1 миллион рублдан, ден соолугу жабыркагандарга 200-400 миң рублдан жана үй-жайсыз калгандарга 300-500 миң рублдан жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG