Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Бишкектеги балаты КМШдагы мыкты он балатынын катарына кирди


Ала-Тоо аянтындагы балаты.
Ала-Тоо аянтындагы балаты.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына орнотулган жаңы жылдык балаты КМШ мамлекеттеринин шаарларындагы эң мыкты он балатынын катарына кирди. Тизмекти "ТурСтат" талдоо агенттиги чыгарган.

Агенттиктин сайтындагы маалыматка караганда, 2019-жылды тосуп алыш үчүн КМШда орнотулган балатылардын эң узуну Ашхабадда болду, анын бийиктиги 38 метр. Андан кийинки орундарда Баку (37 м), Ереван (37 м), Ташкент (35 м), Минск (30 м), Дүшөмбү (28 м), Москва (27 м, чыныгы балаты), Астана (25 м), Бишкек (25 м), Тбилиси (25 м) турат.

Бишкектин мэриясы Жаңы жылга карата балатыны, Ала-Тоо аянтын жана шаарды кооздоо үчүн 6 миллион сом коротту.

Балатылардын рейтингин чыгарган "ТурСтат" агенттиги Орусиядагы жана КМШдагы туризмге байкоо жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG