Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Төрт күндө мас айдоочуларга 262 500 сом айыппул салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын 4-январына чейин өлкө боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мас абалында машине айдаган 15 жаранды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сом болду.

Жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 1-январда биринчи жолу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, 17 500 сом айыпка жыгылган.

1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыпппулдун өлчөмү көбөйдү.

Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук кемерин тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандарга 300 сом, мас айдоочуларга 10 миң сом айып салынып келген.

Эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG