Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Помпео Сириядан америкалык аскерлер чыга баштаганын билдирди


АКШнын мамкатчысы Майк Помпео. 12-декабрь, 2018-жыл. Нью-Йорк.
АКШнын мамкатчысы Майк Помпео. 12-декабрь, 2018-жыл. Нью-Йорк.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сириядан америкалык аскерлер чыга башташканын билдирди. Бул тууралуу ал "Newsmax" телеканалындагы маегинде айтты.

Ал ошондой эле президент Дональд Трамп мурдагыдай эле Жакынкы Чыгыштагы туруктуулук үчүн чара көрүүгө кызыкчылыгы бар экенин жана Кошмо Штаттар "Ислам мамлекети" террорчул тобу менен Дамаскты колдогон Ирандын аракеттерине каршы өнөктүктү улантарын кошумчалады.

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын 19-декабрда жарыялаган. Ал муну "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун жеңилгени менен түшүндүргөн. Анткен менен Кошмо Штаттардын өнөктөштөрү жана америкалык күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги президенттин бул чечимин колдошкон эмес.

1-январда Трамп америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө төрт ай мөөнөт бергени белгилүү болгон. Сирияда президент Башар Асаддын армиясы көзөмөлдөбөгөн аймактарда эки миңдей аскер жайгашкан. Алар эл аралык коалиция менен кошо "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөш жүргүзүп келишкен.

XS
SM
MD
LG