Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Азия чемпионаты аймактагы чыңалуу курчуп турган маалда өтөт


Кыргызстан менен Индиянын футболчуларынын беттеши. 27-март, 2018-жыл. Бишкек.
Кыргызстан менен Индиянын футболчуларынын беттеши. 27-март, 2018-жыл. Бишкек.

Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда футбол боюнча Азия чемпионаты башталат. Бул жолку мелдештерде чемпионат тарыхында эң көп сандагы командалар катышат.

Алардын арасында Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын да курама командалары бар.

Буга чейинки оюндарда 2015-жылы Австралия жеңүүчү болгон. Жапония 2018-жылдагы дүйнө чемпионатында эң ийгиликтүү командалардын катарына кошулган. Мелдештер аймактагы чыңалуу күчөп турган маалда өтүп жатат.

Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Сауд Арабиясы жана башка бир катар араб мамлекеттери 2016-жылы Катар менен бардык дипломатиялык байланыштарын үзүп салышкан. Саудия менен Катардын курама командалары тайпалык мелдештерде беттешери күтүлүп жатат.

Чемпионаттын алкагында күйөрмандар бир нече атактуу машыктыруучуларды көрө алышат. Маселен, Англия курама командасын 2002 жана 2006-жылдары дүйнөлүк чемпионаттын финалына жеткирген Свен-Горан Эрикссон ушул тапта Филиппиндин командасын машыктырат. Ал эми Италияны 2006-жылкы мундиалда финалга жеткирген Марчелло Липпи Кытай курама командасын Эмираттарга жетектеп барды.

Финалдык оюн "Zayed Sports City" стадионунда 1-февралда өтөт.

XS
SM
MD
LG