Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Кабулдагы өрт үч кишинин өмүрүн алды


Кабулдагы өрт тутанган жай. 4-январь, 2019-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы май куйган жайда тутанган өрт үч кишинин өмүрүн алды.

Жабыркагандардын саны кырктан ашты. Ооруканага түшкөн алты адамдын абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

3-январдын түнүндө май куйган жайда өрт тутанып, ал жанындагы үйлөргө жайылып кеткен. Кабул полициясынын маалыматына караганда, жалпысынан 43 батир жана жети автоунаа жарактан чыкты.

Учурда тилсиз жоонун тутанышынын себеби иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG