Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Деңиз каракчылары алты адамды барымтада кармап турушат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Африканын батышындагы Бенин өлкөсүнүн жанында деңиз каракчылары жүк ташыган кемени басып алып, тоноп, ичиндеги алты адамды барымтага алып кетишкенин бүгүн 5-январда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. "Интерфакс" агенттигинин маалыматына караганда, окуя 2-январда болгон жана Бениндин аскердик деңиз флотунун жетекчилиги Орусиянын дипломаттарын бул тууралуу кабардар кылган.

Кеменин ичиндеги 26 адамдын 20сы орусиялыктар, төртөө Украинанын жана экөө Грузиянын жараны экени айтылууда.

Ал эми барымтага алынгандардын жарандыгы азырынча так маалым боло элек. Учурда кеме Нигерияга таандык аймакта турат. (RK)

XS
SM
MD
LG