Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Таштанды ташыган Жеңиштин операциясына акча жетпей жатат


Жеңишбек Касымов.
Жеңишбек Касымов.

“Тазалык” ишканасы боору жабыркап, тез арада хирургиялык операцияга муктаж болуп жаткан жумушчусуна каражат чогулта баштады.

Боордун альвеококкозу деген диагноз коюлган Жеңишбек Касымовго Индиядан операция жасатуу пландалууда. Зарыл болгон 30 миң доллардын дагы 18 миңи жетишпей жатканын “Тазалыктын” басма сөз катчысы Жибек Каракеева Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Былтыр Жеңишбекке Түркиядан бекер операция жасап беребиз дешкен, бирок донору туура келбей калып, эми индиялык доктурлар анын боорун алмаштырууга убада берип жатышат.

Оор илдетке чалдыккан Жеңишбек Касымовдун кесиби айдоочу. Үч баланын атасы.

P/S Жеңишбекке жардам берүүнү кааласаңыз, төмөндөгү даректерге акча которсоңуз болот:

ЭЛСОМ: 0550615155

Optima Bank: 41719002503 Касымов Женишбек Асылбекович

XS
SM
MD
LG