Ички иштер министрлиги жолдо тартип орнотууну акча табуу амалына айландырган кызматкерлерден арылуусу керек. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушундай талап коюп, милицияга жана атайын кызматка “паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүүнү” тапшырды.
«Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразылыгын жана сын пикирлерин жаратууда» - деп белгиледи өкмөт башчы.
1-январдан тартып Кыргызстанда Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыпппулдун өлчөмү көбөйдү.
Бул эрежелердин негизинде мас болуп алып машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.
Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук кемерин тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.
Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандарга 300 сом, мас айдоочуларга 10 миң сом айып салынып келген.
Эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылды.