Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Анталияда кыргызстандык келин сойкулуктан куткарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анталия шаардык миграция департаментинен "Азаттыкка" билдиришкендей, зомбулукка кабылган 37 жаштагы Ф.К. Манавгат аймагындагы жандармерияга өзү кайрылган.

Маалыматка ылайык, Ф.К аттуу келин Анталияга 2018-жылдын 10-августунда мекендештеринин чакыруусу менен барган. Аны беш ай бою ур-токмокко алышып, сойкулук кылууга мажбурлашкан.

5-январда бул окуя боюнча эки кыргыз жараны кармалган. Аларга "адам сатуу жана адамды эркинен ажыратуу" беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынган.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча ушу тапта Түркиянын абактарында төрт кыргызстандык отурат. (ElB)

XS
SM
MD
LG