Константинополь чиркөөсүнүн партиархы Варфоломей Украинанын православ чиркөөсүнүн көз каранды эместиги тууралуу чечимге (томос) кол койду. Бул окуяга байланыштуу иш-чара патриархтын резиденциясы жайгашкан Стамбул шаарында өттү. Ага украин президенти Петр Порошенко жана Киев митрополити Епифаний катышты.
Өз сөзүндө Украинанын мамлекет башчысы Порошенко жаңы чиркөөнүн негизделишин кубаттап, чоң чиркөөнүн чечимин тарыхый окуя деп атады:
- Эң башкысы – мен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон украиндерди бул чиркөөнүн түптөлүшү үчүн жалынып, үн кошкону үчүн рахматымды айткым келет.
Украинада Москва патриархатына баш ийбеген бирдиктүү украин православ чиркөөсү өткөн айда түптөлгөн. Президент Порошенко муну "Путинсиз чиркөө" деп атаган.
Москва патриархаты болсо, тескерисинче, "бөлүп-жаруучулукту мыйзамдаштыруу жана православдар үчүн катастрофа” деп белгилеген.
Жаңы украин чиркөөсүнүн башчысы болуп 39 жаштагы митрополит Епифаний шайланган. (RK)