"Манас" аэропорту кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Эртең менен тумандын айынан учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү жадыбалы убактылуу өзгөрүшү мүмкүн экени, учуп-конуу тилкесинде көрүнүп туруучу аралык 125 метрди түзүп жатканы кабарланган.
Аэропорттун расмий сайтындагы маалыматка караганда, саат 10:15те Үрүмчүгө уча турган каттамдын убактысы өзгөргөн. (RK)