Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Иран менен Орусия Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүшөт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иран менен Орусия Каспий деңизинде "жакынкы келечекте" аскердик машыгуу өткөрүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу 6-январда Ирандын "Мехр" маалымат агенттиги кабарлады.

Агенттик контр-адмирал Хосейн Ханзадинин айткандарына таянып жазганына караганда, эки өлкө "тактикалык, куткаруучу жана деңиз каракчыларына каршы" аскердик машыгууларды уюштурат.

Иран менен Орусия Каспийде машыгууларды 2015 жана 2017-жылдары да өткөрүшкөн.

Ханзади Каспийдин жээгиндеги бардык өлкөлөр башка мамлекеттердин кандай гана кийлигишүүсү болбосун, баарына каршы экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG