Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Бишкек-Ош автожолунда 83 миң куб метр кар түшүрүлдү


Бишкек - Ош автожолу. 06.01.2019
Бишкек - Ош автожолу. 06.01.2019

Бишкек-Ош автожолундагы тоолордун боорунан карды атып түшүрүү иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, бүгүн 6-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда автотрассанын 231 жана 246-чакырымдарында (Көчкү-Булак тилкеси) жалпысынан 83 000 м3 кар түшүрүлдү.

ӨКМ 4-7-январга шашылыш эскертүү таратып, Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолдоруна кар көчкү түшүүcү ыктымал экенин билдирген.

Жолдо бараткан автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керек экени эскертилген. (RK)

XS
SM
MD
LG