Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептерин жана ишкананы модернизациялоого кеткен 386 миллион доллар кытай насыясын пайдалануу боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөө мөөнөтү 13-февралга чейин узартылды.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков иштин материалы менен таанышып чыгууну суранганы үчүн ушундай чечим чыкканын адвокат Нурбек Токтакунов “Азаттык” радиосуна билдирди.
- Сапар Исаков айыбын угуп, бул Сооронбай Жээнбековдун саясий өч алуусу экенин ачык айтып жатат. Анткени иштин материалында эч кандай укуктук далилдер жок. Исаков ушундай кылды, мындай кылды дегенден башка эч нерсе жок. Модернизация боюнча Исаков менен кошо дагы алты киши отурат. Алардын бардыгына тергөө узартылып жатат.
Мунун алдында Токтакунов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата тергөө ишинин негизинде “коррупция” беренеси боюнча айыбы угузулганын билдирген.
Сапар Исаков алдын ала уюшуп, мамлекетке материалдык чыгым алып келген деп айыпталууда. Адвокат Исаков бул берененин негизинде 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин айткан.
2018-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып турган ири ишкана – ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болгон. Бир нече күн бою кыш чилдеде шаар тургундарынын көбү электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калган.
Бул окуядан кийин ишкананы модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы суроо жаратып, төрт кылмыш иши козголгон. Жалпысынан 14 адамга айып коюлган, алардын 11и камакта. Жети адамдын соту Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.
“Коррупция” беренеси боюнча айып мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, экс-министр Осмонбек Артыкбаевге, Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиевге жана экс-мэр Кубанычбек Кулматовго тагылган. Төртөө тең 2018-жылдын июнь айында УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Насыяны Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан» үстүнө 106 миллион доллар кошуп төлөө шарты менен алган.
ЖЭБдеги кырдаал боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен авария боюнча иш сотто каралууда. (КЕ)