Ички иштер министрлиги Швецияда теракт жасоону пландаган деп шек саналып жаткан кыргызстандык Атабек Абдуллаев тууралуу маалыматтарды тактоону улантууда. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шектүү Швецияга бир жыл мурда кеткен. Ага чейин Орусияда иштеп жүргөн.
- Үй-бүлөсү менен байланыштык. Алар көп деле динге берилбегендер экен. Баласы жаштайынан достору менен мечитке барып, беш убак намаз окуган, катардагы мусулмандардай эле жүрчү экен. Ал эч кандай диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турган эмес, тыюу салынган уюмдардын ишине катышкан эмес. Мурда мыйзам да бузган эмес. Апасынын айтымында, Швецияга бир жыл мурда кеткен. Ал үй-бүлөдөгү жалгыз уул. ИИМ өз багытында иштерди алып барууда, УКМК да тактап жатса керек.
УКМКдан маалымат алуу мүмкүн болгон жок.
Швециянын прокуратурасы 27-декабрда билдирүү таратып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн теракт жасоону пландаган деп шек саналып жаткан үч жаранына айыбын угузганын жарыялады. Алар Өзбекстандын жарандары Фархад Ташмухаммедов, Бахтиер Умаров жана Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев экени айтылды.
Булар менен бирге дагы үч киши “Ислам мамлекети” террордук тобун каржылоо боюнча айыпталып жатканы кабарланды. Алардын соту 7-январга белгиленген. (КЕ)