Азия кубогу-2019 футбол турниринде бүгүн 7-январда оюндар уланып, “С” тайпасында Кыргызстандын улуттук курама командасы алгачкы оюнун өткөрөт.
“Ак шумкарлардын” атаандашы Кытай өлкөсүнүн футболчулары болмокчу.
Финалдын 1/8 бөлүккө чыгыш үчүн кыргыз футболчулары өз тайпасында көп упай топтошу зарыл. Жеңиш үчүн үч упай, тең чыгыш үчүн бир упай берилет. Ал эми жеңилген командага упай ыйгарылбайт.
Кыргызстан – Кытай оюну Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Оюнду “КТРК-Спорт” каналы түз ободо көрсөтүүдө.
Ошондой эле бүгүн “С” тайпасында экинчи жуп болуп саналган Түштүк Корея менен Филиппиндин футболчулары ойношот. Футбол боюнча Азия кубогунун финалдык бөлүгү быйыл Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өтүп, ага 24 команда катышууда. (SDz)