Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Футбол: Кыргызстан Кытайга 1:2 эсебинде утулду


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 2:1 эсебинде утулуп калды.

Оюн Бириккен Араб Эмирлигинде Азия кубогунун алкагында өтүп, биринчи таймдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан.

Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяш одоно эки ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү кытай футболчулары эки ирет голго айланта алышты.

Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, “С” тайпасында көч баштады.

Бир нече сааттардан кийин “С” тайпасындагы экинчи жуп, Корея – Филиппин командалары ойношот. Кыргызстан Кытайга утулганы менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Ал үчүн “ак шумкарлар” 11-январда Түштүк Корея, 16-январда Филиппин командаларын утушу кажет. (SDz)

XS
SM
MD
LG