Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн мейманканаларында расмий никеси жок түгөйлөрдүн бир бөлмөдө чогуу калышына уруксат берген документке кол койду.
Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги жарыялагандай, мындай чечим никеси жок түгөйлөрдүн коопсуздугун жана “жеке жашоо укугун” коргоо максатында кабыл алынды. Документте “мейманканалар адамдарга жашаган дарегине, жарандыгына же алардын макамына, анын ичинде никесине карабай кызмат көрсөтүүгө милдеттүү” экени белгиленет.
Документте Өзбекстанга жарандары визасыз кире алчу мамлекеттердин тизмеси да узартылган. Ушул тапта коңшу мамлекетке Франциянын, Түркиянын, Израилдин, Индонезиянын, Түштүк Кореянын, Малайзиянын, Сингапурдун, Жапониянын жана постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары визасыз кире алат.
Февралдан тартып Германиянын, Британиянын, Ирландиянын жана Европа Биримдигинин бир катар өлкөлөрүнүн жарандары 30 күнгө чейин Өзбекстанда визасыз жүрө алышат.