Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Тендердин жыйынтыгына нааразы болгон бейтаптар Бишкекке келишти


Гемодиализ алып жаткан бейтаптар. Ош.
Гемодиализ алып жаткан бейтаптар. Ош.

Тендердин жыйынтыгына нааразы болгон бейтаптар Саламаттык сактоо министрлигинин алдына чогулду.

Бул тууралуу гемодиализ алып жүргөн бейтаптын жубайы Дилбар Адинова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, тендердин жыйынтыгын кайра карап чыгууну суранып Оштон 15тей бейтап келген.

Буга чейин Ошто 33 бейтап бюджеттин эсебинен гемодиализ алуудан баш тарткан. Алар 2018-жылдын ноябрь айында БЭМАН дарылоо-диагностикалык борбору уткан тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.

Ал арада тендердин жыйынтыгына нааразы болгон ЮРФА клиникасы да мекеме аралык комиссияга кайрылды.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда 554 адам бюджеттик негизде гемодиализ аркылуу дарыланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG