Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:28

Ким Чен Ын Кытайга барды


Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дүйшөмбү күнү Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен Кытайга келди.

Кытайдын жана Түндүк Кореянын расмий маалымат каражаттары алдын-ала жарыяланбаган сапар тууралуу дүйшөмбү күнү гана жазып чыгышты.

Америкалык талдоочулар Ким Чен Ындын бул иш сапары АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууга даярдык болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Эки лидер өткөн жылдын июль айында жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк программадан баш тартышы боюнча маселени сүйлөшкөн. Андан кийин ноябрь айына пландалган жолугушуу болбой калган.

Өткөн аптада Дональд Трамп Ким Чен Ындан “укмуштуу” кат алганын, ал эми жекшембиде Америка менен Түндүк Кореянын башчыларынын боло турган жолугушуусу өтө турган жай талкууланып жатканын билдирди.

“Алар да, биз да жолугушууну каалап жатабыз. Андан кандай жыйынтык чыгарын көрө жатарбыз”, - деп айткан Трамп.

Ушуну менен Ким Чен Ындын Бээжинге кыска убакытта төртүнчү жолу келиши. Өткөн жылы ал Сингапурда өткөн америкалык-түндүк кореялык саммитке чейин жана андан кийин Кытайга келип кеткен.

Саммитте эки лидер Корей жарым аралын өзөктүк куралдан “толук” арылтууга даяр экенин айтышкан. Бирок бул багытта алгылыктуу кадамдар жасала элек.

 

XS
SM
MD
LG