Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

ӨКМ: Үч кан жолдо кар көчкү түшүү коркунучу бар


Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) чукул билдирүү таратып, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана үч кан жолдо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.

Мекеме кабарлагандай, 8-январдан 10-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука - Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Буга байланыштуу министрлик автоунаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болушу зарыл экенин эскертет. (ErN)

XS
SM
MD
LG