Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Аскарбек Шадиевдин иши боюнча адвокат Бишкек шаардык сотуна даттанды


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин адвокаты Учкунбек Каримов кардарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы даттанып, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каримов өзү билдирди.

2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Бүгүнкү өкүм жогорудагы эки айып боюнча чыкты. Мындан тышкары, ага "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып коюлган. ​Шадиевге издөө жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясына анын жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирип, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага Шадиевдин колу коюлганы кабарланган. Шадиев болсо өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан. (EBM\ErN)

XS
SM
MD
LG