Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурордун үстүнөн сот башталды


Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров (оңдо).
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров (оңдо).

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровдун үстүнөн алгачкы сот жараяны 7-январда, Ташкенттин Юнусабад райондук сотунда жабык өткөн.

Ал “кызматынан кыянат пайдаланган”, “опузалап акча талап кылган”, “пара алган” деп айыпталууда.

Былтыр июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кадыровдун кылмыш ишинин алкагында 24 киши камакка алынганын, алардын көпчүлүгү прокуратуранын мурдагы кызматкерлери экенин жарыялаган.

66 жаштагы Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеген. Ал 2015-жылдын апрелинде, мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда эле кызматтан бошотулуп, былтыр 22-февралда камакка алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG