Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

“Жунда” заводуна суюлтулган газды кымбаттатканы үчүн эскертүү берилди


“Жунда” заводу.

Кара-Балта шаарындагы мунай иштетүүчү “Жунда” заводу суюлтулган газды кымбаттатканы үчүн эскертүү алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров билдирди.

- 2018-жылдын жыйынтыгы менен алып карасак суюлтулган газдын 80% ашыгын ушул завод чыгарып, элди камсыз кылат экен. Анан булар ошондон пайдаланып базарда бул товардын баасын кескин кымбаттатып жиберишкен. Алар өздөрү мунун себебин чийки заттын кымбаттаганы менен түшүндүрүшкөн. Биз иликтеп чыксак, чийки зат болгону 16% кымбаттаган, булар болсо суюлтулган газдын баасын 48% жогору көтөрүп жиберишкен. Буга байланыштуу биз ишканага бир канча жолу эскертүү берип, мыйзамдын чегинде айыппул салдык. Биз булардан "бааны мурдагы калыбына келтиргиле" деп талап кылганбыз. Былтыр жай айларында 28-30 сомго чейин көтөрүлгөн, азыр арзандаганы байкалып жатат, - деди Сабиров.

Кыргызстанда суюлтулган газды сатуу боюнча басымдуу позицияны ээлегени үчүн “Жунда” заводу товардык рынокто үстөмдүк кылган чарбалык субъектилердин мамлекеттик реестрине киргизилди. Бул тизмеге кайсы бир товарды сатууда же тейлөөнүн, кызмат көрсөтүүнүн бир түрүндө 35% ашыгын камсыз кылып, үстөмдүк кылган ишканалар кирет. Тизмеге киргизилген ишканаларды Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик өзгөчө көзөмөлгө алып турат.

"Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтогон. Андан кийин 2016-жылы да компанияга козголгон кылмыш ишине байланыштуу убактылуу токтоп, кийин кайра жанданган. Акыркы жолу былтыр 6-ноябрда иши убактылуу токтоп, кийин кайра 29-ноябрда ишин уланткан.

Суюлтулган газ - бул кадимки эле көгүлтүр отундун муздатуу жолу менен 600 эсе кичирейтилген түрү. Ал адатта газ баллон же башка каражаттар менен ташылып сатылат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG