Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кум-Бел көмүр кениндеги жагдайды изилдеп чыгыш үчүн мекеме аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Анын курамына Транспорт жана жолдор министрлигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү, өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Кум-Бел көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө максатында суунун курамын текшериш үчүн үлгү алынды.
Буга чейин Илязбек Балташев аттуу "Фейсбук" колдонуучу Кум-Бел кенинен чыккан кир суу Зергер дарыясына кошулуп, көмүр аралаш агып жатканын көрсөткөн видео менен бөлүшкөн. Бул дарыя өзгөн районундагы Токтогул, Алтыбай, Жаңы Айыл, Кайрат, Ак-Коргон, Аюу, Зергер айылдары аркылуу өтөт. (КЕ)