Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

“Талибан” менен АКШнын сүйлөшүүсү кайра токтотулду


"Талибандын" Москвадагы жыйынга келген мүчөлөрү. 9-ноябрь, 2018-жыл.
"Талибандын" Москвадагы жыйынга келген мүчөлөрү. 9-ноябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу “Талибандын” адамдары билдирүүдө. Оболу бүгүн “Талибандын” өкүлү "Reuters" агенттигине кыймыл АКШнын расмий адамдары эки күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрүн 9-январдан тартып Катарда өткөрүшөрүн кабарлаган.

Бирок 8-январь кечке жуук “Талибандын” Дохадагы дагы бир өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына кыймыл сүйлөшүүнү анын “күн тартиби боюнча пикир келишпестиктер“ чечилмейинче токтотуп койгонун билдирди.

Ал эми "Reuters" агенттиги “Талибан” кыймылындагы булактарына таянып, пикир келишпестиктер АКШнын "Катардагы сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтү да катышсын" деген талабына, ок атышууну токтотуу боюнча болжолдуу макулдашууга, ошондой эле туткун алмашуу маселесине байланыштуу экенин маалымдады.

Дохада бул аптага белгиленген сүйлөшүүлөр “Талибандын” лидерлери менен АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзаддын төртүнчү жолугушуусу болмок.

“Талибандын” жетекчилери Ооганстандын өкмөт өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартуу менен Кабулдагы бийликти “куурчак” өкмөт деп баалап келатат.

Кыймыл аймактык державалардын да сүйлөшүүлөргө ооган расмий бийлигинин өкүлдөрүн кошуу тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Бир аз мурда “Талибан” АКШнын өкүлдөрү менен Сауд Арабиясындагы жолугушууну да токтотуп койгон. Анткени расмий Эр-Рияд сүйлөшүүгө Ооганстандын өкмөттүк делегациясын да отургузууга чечкиндүү аракеттенген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG