Бүгүн 9-январда 2019-жылы ажылыкка барчуларды каттоо башталат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлагандай, талапкерлерди каттоо бир гана биометрикалык ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
Жарандар алгач РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанцияны алышы керек. Анын негизинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда катталат. Каттоо 31-январга чейин уланат.
Ажылык сапарга барыш үчүн коюлган талаптар менен www.muftiyat.kg сайтынан таанышса болот.
Бул жылы Сауд Арабиясы Кыргызстанга былтыркыдай эле 5 485 квота берди. (КЕ)