Британ баш калаасындагы "Хитроу" аэропорту пилотсуз аппараттын айынан бир саатка аба каттамдарын токтоткон соң, ишти толук калыбына келтирди. Лондондун башкы аэропорту билдиргендей, аба майданынын тиешелүү кызматтары окуяны иликтеген полиция менен кызматташып жатат.
Январь айынын башында Британиянын Транспорт министрлиги аэропорттордун тегерегинде дрондорду учуруунун аймагын кеңейткени белгилүү болгон. Мындай чечим шаардагы "Гэтвик" аэропортундагы окуядан кийин кабыл алынган.
Декабрь айынын ортосунда бул аэропортко чукул жерде пилотсуз аппараттардын учуу тилкеси ачылгандыктан, аба майданынын иши 33 сааттай үзгүлтүккө учураган. 150 миңдей жүргүнчү жолдон калган. 1000ден ашуун каттам токтотулуп же башка аэропортторго жиберилген.
Полиция окуядан терроризмдин белгилерин көрбөй турганын билдирген.