Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Дрон британ аэропортун дүрбөлөңгө салды


Британияда дрондор аэропорттун же аэродромдун айланасынан бир чакырым ыраак болууга тийиш. "Гэтвик" аба бекети.
Британияда дрондор аэропорттун же аэродромдун айланасынан бир чакырым ыраак болууга тийиш. "Гэтвик" аба бекети.

Дрон же квадрокоптер - атайын түзүлүштүн жардамы менен аралыктан башкарылчу учма аппарат.

Ал Кыргызстанда кино же клип тартыш үчүн кадыресе колдонулуп жатканы белгилүү. Дал ушундай дрондор өткөн аптада Европадагы бирден-бир каттамы көп аба бекети – "Гэтвиктин" ишин 36 саат бою үзгүлтүккө учураткан. Британиянын бийлиги шектүүлөрдү издеп, көргөн-билгендер үчүн сынак жарыялады.

Асманга көтөрүлгөн учактын кыймылдаткычына, тумшугуна же маңдайкы терезесине тийсе, эң кичинекей дрон да олуттуу зыян келтириши ыктымал. Ушундай коркунучтан улам шаршембинин кечинде "Гэтвиктеги" каттамдар токтотулган. Буга “учуу тилкесинде эки дрон жүрөт” деген кабар себеп болду. Түнкү үчтө уруксат берилип, аз өтпөй “дрондор дагы эле учуп жүрөт” деген кабардан улам бир жарым күн бою кайрадан учактар каттай албай жатты. 140 миңдей жүргүнчү убагында барчу жерине бара албай, жолдо кармалды.

Аэропорттун айланасын коруганы аскерлер тартылгандан кийин гана жума күнү каттамдар жанданды.

Гэтвиктеги каттамдар тууралуу маалымат.
Гэтвиктеги каттамдар тууралуу маалымат.

Ушул эле күнү түгөйлөр Пол Гейт менен Элани Керк кармалды. Бирок алардын кылмыш кылганына далил жок экени билингенден кийин айып коюлбастан жекшембиде бошотулду. Полиция издөө ишин улантууда. Аймактык полициянын башкы инспектору Жейсон Тиңли жекшембидеги маалыматы менен бөлүштү:

- Биз кечээ “Гэтвик” аэропортунан анча алыс эмес жерден бузулган дронду таптык. Албетте, биз аны экспертизадан өткөрүп, колдон келгендин баарын кылабыз.

Ал арада аэропорт жетекчилиги аппараттар тууралуу маалымат бергендер үчүн 63 миң доллар сый акы жарыялады.

Маселе олуттуу экенин Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин өткөн аптадагы билдирүүсүнөн аңдаса болот.

- Учактарга коркунуч келтиргендер кармалса беш жылга чейин абакка кесилет, - деди ал. - Биз мындай мыйзамды буга чейин эле киргизгенбиз. Бул боюнча дагы кеңешип жатабыз, анын ичинде мындан ары полициянын кудуретин арттыруу да бар.

Британияда дрондор аэропорттордун же аэродромдордун айланасынан бир чакырым ыраак болууга тийиш. Андан ичкери кирип кетсе авиация коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү кылмыш катары каралат.

Британияда дрондор аэропорттон бир чакырым ыраак болушу зарыл.
Британияда дрондор аэропорттон бир чакырым ыраак болушу зарыл.

Ал арада британ маалымат каражаттары “дрондорго бийликтин өзгөчө көңүл бурушуна негиз бар” деп да жазып жатышат. “Daily Mail” гезити бир аз мурда британ полициясы антитеррордук иликтөөлөрдү жүргүзгөнүн, алардын биринде жарылма затты көтөрө алчу дрон тууралуу да кеп болгонун, дагы биринде ““Ислам мамлекети” террор тобунун тарапташтары жайгашышы ыктымал” деген имараттан сынган дрон табылганын жазды.

Ошол эле учурда “Times” гезити “Аэропортко бүлүк салган дрондор дегеле болгонбу?” деп суроо койду. Маалымат карапайым күбөлөрдөн алынгандыктан алар жаңылыш айтып алышы мүмкүн экенин полиция да четке какпайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG