Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

Евробиримдик Иранга жаңы санкцияларды киргизди


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф.

Евробиримдик Иранга жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Даниянын тышкы иштер министри Андерс Самуэльсен 8-январда «Твиттердеги» баракчасына жазды. Маалыматка караганда, жаңы чаралар Ирандын атайын кызматтарына алардын «Европа аймагында пландалып жаткан кылмыш иштерине» байланыштуу кабыл алынды. Министр Тегерандын мындай кадамдарын "ылайыксыз" деп баалады.

Нидерланддын өкмөтү Гааганын сунушу менен Ирандын бир министрин жана дагы эки жаранын «кара тизмеге» киргизгенин өз сайтында кабарлады. Санкциялар 9-январдан тартып күчүнө кирет. Чектөөлөргө ылайык «кара тизмедегилердин» Евробиримдиктин курамындагы мамлекеттериндеги активдери камакка алынат жана өздөрүнө шаркетке кирүүгө тыюу салынат.

Былтыр жай айында Иранда тыюу салынган "Фольксмуджахедин" уюмунун Белгияда өткөн жыйынында "теракт уюштурууну көздөгөн" деген шек менен эки киши кармалган. Ал жыйынга 24 миң киши катышкан эле. Ал эми күзүндө Даниядагы ирандыктарга каршы уюштурулуп жаткан чабуул токтотулган. Эки окуянын тең артында Ирандын атайын кызматтары турары айтылганы менен, Тегеран аны четке каккан.

Ал эми Евробиримдиктин кезектеги санкциялары тууралуу маалым болгон соң Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф “европалыктар, анын ичинде Дания, Голландия жана Франция 1200 ирандыктын өмүрүн алган кылмышкерди жашырып жүрүшөт. Иранды айыптоо Европаны террорчуларды жашырганы үчүн жоопкерчиликтен куткарбайт” - деп “Твиттерине” жазды.

XS
SM
MD
LG