Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

ЕБ санкция көйгөйүн чече турган институт түзөт


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф.

Иранга салынган санкцияларды айланып өтө турган институт түзүлөт. Ал европалык компанияларга Тегеран менен каржы операциясын жүргүзүүгө көмөк көрсөтмөкчү. Бул тууралуу шейшембиде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини билдирди. Вашингтондун Тегеранга салган санкцияларынын экинчи баскычы 5-ноябрда күчүнө кирет.

Жаңы инситут тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини 25-сентябрга караган түнү, Нью-Йоркто 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол койгон АКШдан башка беш кубаттуу мамлекеттин өкүлдөрү менен узакка созулган жыйындан кийин жарыялады:

- Мындай институтту түзүү чечими 6-июлдан бери өткөрүлүп жаткан министрлер деңгээлиндеги жыйындарда кабыл алынган. Эми Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин техникалык эксперттеринин катышуусунда жаңы жыйын өткөрүлүп механизмдин техникалык жактарын талкуулашат. Бул институт шаркетке мүчө өлкөлөргө Иран менен мыйзамдуу каржы операцияларын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн түзүлдү. Ал ошондой эле Евробиримдиктин мыйзамдарына ылайык Иран менен соода алакаларды жүргүзүүгө европалык компанияларга мүмкүнчүлүк берет жана дүйнөдөгү башка өнөктөштөр үчүн да ачык болот.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф.

Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусия Тегеран “өзөктүк келишимдеги” бардык шарттарды аткарууда деп эсептешет. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран “келишимдин маңызын сактабай жатат” деген жүйө менен макулдашуудан чыгарын быйыл май айында жарыялаган. Трамп ошондой эле буга Ирандын террорчулукту колдошу да себеп болгонун айткан.

Андан көп өтпөй АКШ Иранга каршы мурда токтотулган санкцияларынын биринчи баскычын калыбына келтирген. 7-августта Ирандын автоунаа секторуна, алтын жана башка металлдар менен соодасына чектөөлөр киргизилген. Ошону менен катар Вашингтон өнөктөш мамлекеттердин ишканаларына да Ирандан мунай сатып алууга тыюу салып, болбосо аларга да чектөө киргизерин эскерткен.

Иран АКШнын мындай чечимдерине каршы арыз менен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна кайрылган. Он күн мурда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Евробиримдикти АКШ санкцияларына каршы аракет көрүүгө чакырган.

Зариф Европа “Американын буйруктарына” баш ийбесине үмүт кыларын жана Тегеран менен Вашингтондун ортосунда бир гана шартта, эгер АКШ 2015-жылкы келишимге кайра кайтып келсе гана түз сүйлөшүү болорун айткан. Дональд Трамп болсо ал келишим “тарыхтагы эң начар келишим” болгонун кайталап келет.

Мындай маанидеги билдирүүнү ал 25-сентябрда Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында да жасап, ошол макулдашууга кол коюлгандан кийин Иран өзүнүн аскердик арсеналын кыйла көбөйткөнүн айтты:

- Иран бийлиги өлкөнүн ресурстарын тоноп, өздөрү байып, жалпы Жакынкы Чыгыш жана анын сыртында да башаламандык жайылтып жатышат. Иран эли алардын лидерлери өлкө казынасынан миллиард долларларды камтып алышып, экономиканын кирешелүү бөлүктөрүн басып алышканы үчүн нааразы болгондору адилеттүү эле. Бул жакшы эмес.

АКШ президенти Доналд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөп жатат.
АКШ президенти Доналд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөп жатат.

​Иран жана алты мамлекет ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектеп, ал эми Иранга салынган эл аралык санкциялар жоюлмак. 5-ноябрда Ирандын мунай-газын секторун бутага алган АКШнын санкциялары күчүнө кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG