Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Иран жаңы аскер учагын көргөздү


Президент Хасан Роухани жаңы аскердик учакты көргөн учур. Тегеран, 21-август, 2018-жыл.
Президент Хасан Роухани жаңы аскердик учакты көргөн учур. Тегеран, 21-август, 2018-жыл.

Иран “Каусар” деген жаңы реактивдүү кыргын салуучу учак жасап чыкканын жарыялады. Жаңы учакты көргөзүү учурунда Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөнүн аскердик кубатын көтөрүүгө да убада берди.

Айрым аскер эксперттери Ирандын жаңы аскердик учагын АКШда 1960-жылдары чыгарылган F-5 аскер учагынын эски үлгүсүнө окшотуп, ал Тегеран айтканчалык кубаттуу эмес экенин белгилешүүдө.

Иран бийлигинин айтымында, жаңы аскердик “Каусар” учагында ар кандай куралдар орнотулган, ал баллистикалык бутага алууга жөндөмдүү компьютердик система жана көп багыттуу радар менен жабдылган.

Президент Хасан Роухани 21-августта мамлекеттик телеканалда сүйлөгөн сөзүндө Ислам Жумуриятынын аскердик чеберчилиги Вашингтондун чабуулдарын тосуп келатканын белгиледи.

“Душман Иранга кол салуунун куну канчалык кымбат болорун билиши керек” деген Хасан Роухани: “Эмне үчүн АКШ бизге аскердик чабуул койбойт? Анткени биздин күчүбүздү жана анын кесепети кандай болорун билет” деп кошумчалады.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

- Биздин аймагыбызды жана ресурстарыбызды басып алууну каалаган аскердик державалар менен күрөшкө даярданышыбыз керек, - деди ал. - Биз аскердик күч-кубатыбызды арттырган сайын айрымдар бизди согуш көксөп жатат деп ойлошот. Бул – тынчтыкты издөөнүн жолу. Анткени биз согушту каалабайбыз... Эгер бизде каршылык көрсөтө турган фактор жок боло турган болсо... бул башкалардын биздин өлкөгө киришине жол ачат.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон “Reuters” агенттиги менен болгон маегинде Вашингтон Иран менен согуштук жаңжалга баруу ниети жок экенин, бирок Тегеранга экономикалык санкциялар аркылуу мүмкүн болушунча басым кылууну көздөй турганын билдирди. Болтон билдиргендей, анын максаты - Иранды Сириядагы, Йемендеги, Жакынкы Чыгыштын башка да өлкөлөрүндөгү жаңжалдардан кетүүгө мажбурлоо.

- Түшүнүктүү болушу үчүн айта кетейин, америкалык саясат Иран режимин алмаштырууну көздөбөйт. Биз режимдин жалпы аракети өзгөрүшүн каалайбыз.

“АКШ бул нерсенин тынчтык жолу менен чечилишине умтулаарынан эч бир күмөн болбошу керек, бирок биз Иран тараптан боло турган бардык күтүүсүз жагдайларга толук даярбыз” деди АКШ президентинин кеңешчиси. Ал 19-августта Израилдеги иш сапарына Ирандын баллистикалык ракетасын бүткүл дүйнө үчүн коркунуч деп атаган.

Жон Болтон.
Жон Болтон.

- Израил үчүн да, АКШ үчүн да жана жалпы дүйнө үчүн да чоң көйгөйлөрдүн башында Ирандын өзөктүк куралы жана баллистикалык ракета программасы турат, - деди Болтон.

АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден чыгып кеткенине байланыштуу анын Тегеранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл 6-августтан тартып калыбына келди. Кийинки баскычы ноябрь айынан тартып күчкө кириши күтүлүүдө.

Өткөн жумада Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменеи өзөктүк курал маселесинен улам АКШ менен урушка да, сүйлөшүүгө да барбай турганын "Твиттердеги" баракчасына жазган.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Иранга каршы киргизилген экономикалык санкциялар Ак үй күткөндөн да жакшы натыйжаларды берип жатканын белгиледи. Тегерандын жаңы аскердик учак жасап чыкканы тууралуу жарыясы да экономикалык санкциялардан улам бир катар европалык компаниялар Ирандан кетип жаткан учурга туш келди.

Израилдин коргоо министри “бул экономикалык кыйынчылыктарга карата табигый реакция. Алар АКШнын санкцияларынан улам кысым алдында турат, ошондуктан ар кандай жомокторду ойлоп таап жатышат” деди.

Айрым аскер эксперттери Ирандын жаңы кыргын салуучу учагы АКШда 1960-жылдары чыгарылган F-5 аскер учагынын эски үлгүсүнө окшотуп, ал Тегеран айтканчалык кубаттуу эмес экенин белгилешүүдө.

Ирандын аскер-аба күчтөрү АКШдан жаңы учактарды сатып алып жаткан аймактагы атаандаштары Израил менен Сауд Арабиясына салыштырмалуу алсыз деп саналат.

Акыркы кезде Орусиядан сатып алган учактарын эске албаганда Ирандын аскер-аба күчтөрүндө жаңы учактар аз. Өлкөдө 1979-жылдагы Иран революциясына чейинки алынган америкалык эски учактар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG