Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Макрон: Европа коопсуздук маселесинде АКШга таяна албайт


Эммануел Макрон менен Дональд Трамп. Былтыркы сүрөт.
Эммануел Макрон менен Дональд Трамп. Былтыркы сүрөт.

Франциянын элчилери Парижге чогулду. Өзөктүк держава жана дүйнөдөгү өтө бакубат мамлекеттердин бири болуп саналган бул өлкө кийинки жылдардагы тышкы саясатын аныктап, тактап жаткан кези. Президент Макрон АКШга сын айтып, Орусия менен кызматташуу жөнүндө кеп козгоду.

- Европа мындан ары өз коопсуздугу үчүн жалаң эле Кошмо Штаттарга таяна албайт. Бүгүн биз Европанын коопсуздугунун, демек эгемендигинин жоопкерчилиги менен кепилдигин өзүбүзгө алышыбыз керек, - деп Эммануел Макрон ​27-августтагы жолугушуунун башында ачык айтты.

Евробиримдик өз келечегин өзү курушу керек экенин Дональд Трамптын саясий кадамдарынан соң Германиянын канцлери Ангела Меркел да айтып жүрөт.

Макрон бул үчүн аймактык тилектештикти бекемдеп, коргонуу принциптерин карап чыгыш керек деген ойдо.

- Бул тилектештиктин бекемделиши Европадагы коопсуздук жана коргонуу архитектурасын кайра карап чыгуу дегенди билдирет. Аны киберкоопсуздук, химиялык курал, дегеле куралдануу, аймактык чатактар, космос коопсуздугу, полярдык аймактарды коргоо боюнча жаңыланган сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырабыз. Анын ичинде Орусия менен дагы, - деди Франциянын президенти.

Макрон андай сүйлөшүүгө бир бөлүгү Европада жайгашкан Орусия да кошулушу зарыл деп эсептесе да, "Москва Украинадагы кризисти жөнгө салууда сезилерлик прогресске жетиши керек" деп кошумчалады.

Евробиримдиктин белдүү өлкөлөрүнүн мындай демилгелерине АКШнын акыркы жылдардагы саясаты түрткү болууда. Макрон Вашингтондогу администрацияны катуу сынга алды. Француз президенти бөлүнүп-жарылбай, көп тарап менен ынтымактуу мамиле түзүү кризиске туш болгонун, буга ириде АКШнын саясаты таасир этип атканын айтып, мисалдарды санап өттү:

Эммануел Макрон.
Эммануел Макрон.

- НАТОдон күмөн саноо, Кытай, Европа жана башкаларга каршы соода согушуна жеткирчү бир жактуу жана агрессивдүү соода саясаты, Париж келишиминен чыгуу, Иран менен өзөктүк келишимден чыгуу. Зор таасирди көрүп атабыз. Дүйнөлүк согуштан кийин Европа менен ар тараптуу тартипти кошо орнотушкан өнөктөшүбүз ошол жалпы тарыхтан жүзүн үйрүп кеткендей эле болду.

АКШнын президенти НАТОнун курамына кирген Европадагы өнөктөштөрүнөн улуттук ички дүң өнүмдүн (ВВП) 2% коргонууга жумшоону талап кылып келатат. Трамп андай болбосо Кошмо Штаттар альянстагы милдеттенмелерин аткарбай коюшу ыктымал экенин ачык айткан. Бул эгер Европанын коопсуздугуна коркунуч туулса Трамптын администрациясы коргоого кол кабыш кылабы же кылбайбы деген күдүк ойлорду жараткан.

Вашингтон климатты сактап калыш үчүн түзүлгөн, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү кирген Париж келишиминен чыгарын былтыр жарыялаган.

Ал эми АКШ Иран менен өзөктүк келишимден чыгып, ага каршы санкцияларды калыбына келтирилишинен улам Европадагы ишкерлер да зыян тартып жатышат. Евробиримдик өз ишкерлерин коргогон атайын мыйзам кабыл алса да, Кошмо Штаттар менен кызматташтыкты тандаган компаниялар Ирандан чыгып кетүүгө же аны менен соодасын азайтууга аргасыз.

Дональд Трамп башка өлкөлөрдөн тышкары саясий да тилектеши болуп эсептелип жүргөн Евробиримдиктен барчу алюминий менен болотко салыкты көбөйткөн.

Мына ушуларды чекесинен эсептеген Франциянын президенти 11-ноябрда өнүккөн өлкөлөр мүчө болгон “Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү” уюмунун жыйынын өткөрүү боюнча демилге көтөрдү. Анда ал эл аралык кызматташтыктын эрежелерин, мамилелерди тактап алсак деген ойдо.

Азырынча АКШ француз лидеринин билдирүүлөрүнө жооп бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG