Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Иран “терроризмдин башкы демөөрчүсү” деп аталды


Тегерандын Бахаристан аянтындагы ракеталардын жана жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрү. 27-сентябрь, 2017-жыл.
Тегерандын Бахаристан аянтындагы ракеталардын жана жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрү. 27-сентябрь, 2017-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти глобалдык терроризм боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Андагы маалыматтарга караганда, былтыр дүйнөдө 2016-жылга салыштырмалуу террордук чабуулдардын саны 20 пайызга азайган. Бул көбүнчө Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобу жеңилгенден кийин болду. Кошмо Штаттар жаңы баяндамасында Иранды кайрадан дүйнөнүн терроризмге демөөрчүлүк кылган башкы мамлекети деп да атады.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин глобалдык терроризм боюнча жаңы баяндамасына ылайык, өткөн жылы террордук чабуулдардын саны дүйнөдө 2016-жылга салыштырмалуу 23 пайызга азайганы менен, мындай мүнөздөгү кол салуулардан өмүрү кыйылгандардын саны да 27% кыскарды. Баяндамада белгиленгендей, буга ириде терроризмдин Иракта азайып, бул өлкөдө “Ислам мамлекети” террордук тобунун жеңилиши салым кошту.

Майда очоктору, согушкерлери али бар экенине карабай, АКШ баштаган коалиция колдогон Ирак өкмөтү “Ислам мамлекети” тобун жеңгенин былтыр декабрда расмий жарыялаган.

2017-жылы дүйнө боюнча террордук чабуулдардын 59% беш мамлекеттин: Ооганстан, Ирак, Пакистан, Индия, Филиппиндин үлүшүнө туура келген. Ал эми террордук кол салуулардан өмүрү кыйылгандардын үчтөн эки бөлүгү Ооганстан, Ирак, Сирия, Нигерия, Сомалинин жашоочулары.

Ирактын күчтөрү Мосул шаарын "Ислам мамлекети" тобунан бошоткон учур. 9-декабрь, 2018-жыл.
Ирактын күчтөрү Мосул шаарын "Ислам мамлекети" тобунан бошоткон учур. 9-декабрь, 2018-жыл.

Баяндамада жазылгандай, “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрү Жакынкы Чыгыштан сүрүлгөнү менен дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө, анын ичинде Түштүк-Чыгыш Азияда пайда болууда.

Былтыр “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Британия, Испания, Египет, АКШ жана Филиппин аймагында да кол салууларды жасаган.

Баяндамада “Ислам мамлекети” тобу анын катарына кытайлар да кошулганына байланыштуу Кытайга жана анын дүйнөдөгү кызыкчылыктарына коркунуч туудурары көргөзүлөт.

Иран

Баяндамада терроризмге каршы күрөшүү боюнча глобалдык кызматташтыктын деңгээли, анын ичинде террорду каржылоо агымынын изине түшүү жана аны тосмолоо аракеттери жалпысынан жакшырганы да айтылат. Бирок АКШ Иранды дүйнөнүн терроризмге демөөрчүлүк кылган башкы мамлекети деп кайрадан эсептеди.

“Терроризмдин мамлекеттик демөөрчүсү катары 1984-жылы аныкталган Иран терроризмге байланыштуу ишмердигин, анын ичинде Ливандагы “Хезболланы”, Газадагы палестин террорчул топторун, Сирия, Ирак жана Жакынкы Чыгыш боюнча түрдүү уюмдарды колдоону 2017-жылы да улантты", - деп айтылат баяндамада.

АКШ тараптын иликтөөсү Иран өзүнүн тандалма аскер бөлүгү – Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун курамындагы Кудс күчтөрүн “террордук уюмдарды колдоо, жашыруун операцияларды калкалоону камсыздоо, аймакта бейстабилдүүлүктү жаратуу үчүн” колдонорун көргөзгөн. Мындан сырткары “Ирандын өкмөтү чет өлкөлүк өкмөттөр менен жеке секторго каршы киберчабуулдарга да демөөрчүлүк кылат”.

Расмий Тегеран АКШнын бул билдирүүлөрүнө азырынча комментарий бере элек.

Брайан Хук.
Брайан Хук.

- Биз Иранга карата комплекстүү мамилени колдонуп жатабыз. Анткени Ирандын зыяндуу ишмердигинин масштабы абдан кеңири: өзөктүк куралга умтулуудан тартып, терроризмди колдоого чейин. Ал кибер ишмердикке, баллистикалык ракеталарды жайылтууга жана башка иштерге да барат. Иран режими бейстабилдүүлүктүн жана кыянатчылыктардын күчү болуп калды, - деген эле өткөн айда АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук.

Президент Дональд Трамп да быйыл май айында өлкөсү Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден чыкканын жарыялаганда мунун бир жүйөсү катары Иран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоону улантып жатканын айткан.

Кыргызстан

Мамлекеттик департаменттин глобалдык терроризм боюнча баяндамасынын Кыргызстан бөлүгүндө өлкөнүн “контртеррористтик аракеттери мурдагыдай эле “экстремисттер” деп саналгандардын тамырын кыркууга, “экстремизмдин” жайылуусуна каршылык көргөзүүгө багытталганы” жазылган.

Ага катар “кыргыз өкмөтү улуттук коопсуздук маселелери боюнча коомдук маалыматты чектегендиктен, анын контртеррористтик операцияларынын эффективдүүлүгүн жана коркунучтун чыныгы деңгээлин баалоо кыйын” экени белгиленген.

АКШ Мамлекеттик департаменти ошондой “арам акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоого байланыштуу маалымат алмашуу боюнча эл аралык жаңы үч макулдашууга кол коюудан тышкары Кыргызстандын өкмөтүнүн терроризмди каржылоого каршылык көргөзүү боюнча аракеттери менен мүмкүнчүлүктөрүндө 2017-жылы эч олуттуу өзгөрүү болгон жок”, - деп баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG