Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Көкбөрүнү тайказан менен ойноо эл аралык эреже бойдон калды


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Чолпон-Ата шаары, 2018-жыл.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Чолпон-Ата шаары, 2018-жыл.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтүп жаткан Эл аралык көкбөрү федерациясынын конгрессинде көкбөрүнү тайказан менен же тайказансыз ойноо боюнча маселе күн тартибинен чыгарылды. Ошону менен бирге тайказан менен ойноо эл аралык эреже бойдон калды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» конгресстин жыйынына катышып жаткан Кыргызстандын Көкбөрү федерациянын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

- Кыргызстанда ойнолуп жаткан көкбөрүнүн эрежеси эл аралык эреже бойдон калды. Кудай буюрса, көкбөрү ойнолчу аянттын өлчөмү жана тайказан да ошол бойдон калат. Биз буга болгон аракетибизди кылып жатабыз, - деди Саматов.

Анын маалыматына караганда, Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгрессинин кезектеги жыйынына тогуз мамлекет жана Орусиянын алты субъектиси катышты. Ошондой эле Америкада да федерация түзүлгөнү белгилүү болду. Андан тышкары АКШ менен Орусиянын субъектилери Эл аралык көкбөрү федерациясына мүчө болуп кирди.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүнүн эрежесине байланыштуу пикир келишпестик жаралган.

Оюндун эрежеси былтыр декабрь айында Бишкекте, Эл аралык көкбөрү федерациясынын 20 жылдыгын утурлай уюштурулган конгрессте сөз болгон.

Ага уюмга мүчө болгон Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан сырткары Монголиянын, Ооганстандын, Түркиянын, АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан.

Эл аралык көкбөрү федерациясынын вице-президенти Набиджан Жороев мындан ары Азия же дүйнө чемпионаты болобу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин баары Эл аралык көкбөрү федерациясынын уруксаты жана анын эрежелери менен гана өтөрүн айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG