Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Жылдын мыкты сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылат

"World Press Photo" сыйлыгынын "Жылдын фотографы" номинациясына австралиялык Уоррен Ричардсон (Warren Richardson) татыктуу болду. Ал "Жаңы жашоого үмүт" аттуу сүрөтү үчүн сыйланды. Анын эмгегинде тикенектүү зым тосмодон ымыркайды узатып жаткан адамды көрүүгө болот. 2015-жыл.

Бүгүн, 10-январда Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинде жыл сайын өтүүчү уникалдуу сүрөттөрдүн "World Press Photo 2018" аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Анда өткөн жылдын маанилүү окуялары тууралуу мыкты фотосүрөттөр коюлат.

Калыстар тобу 125 мамлекеттин 4,5 миң фотосүрөтчүсүнөн келген 73 миң сүрөттү карап чыккан. Сынактын жыйынтыгында 42 адам жеңүүчү деп табылган. Дүйнө жүзүнүн журналисттеринин мыкты фотосүрөттөрүн шаар тургундары жана коноктор 11-январдан 24-январга чейин көрө алышат.

"World Press Photo" – эл аралык сынак. Анда дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттер тарткан сүрөттөрдүн мыктылары аныкталат. Жыл сайын абройлуу фотографтардан жана фоторедакторлордон түзүлгөн калыстар тобу келип түшкөн сүрөттөрдү тогуз категория боюнча сындан өткөрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG